Бишкекте 2 миң 900 доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды
Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги кызматкерлердин алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Мекемеден тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аталышын айтуудан баш тартышты.
Бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө учурда окуу жайдын бул ишке тиешеси бар жетекчилерин аныктоодо.
Кыргызстанда жалпысынан 51 жогорку профессионалдык билим берүү мекемеси иштейт. 2017-2018 окуу жылынын башында аларда 162 миңден ашык студент окуган.