13:35, 12 июня 2018, 24.kg

Президент футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков  14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Орусияда өтө турган Дүйнөлүк футбол чемпионатка байланыштуу 25-майдан тарта жаңы катталуу эрежеси ишке кирди.

Ага ылайык, Москва, Санкт-Петербург, Волгоград, Екатеринбург, Казань, Калининград, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону, Самара, Саранск, Сочи шаарларына келген чет элдик жарандар 24 саат ичинде катталууга турушу зарыл. Бул иш чара 25-июлга чейин милдеттүү болуп саналат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18