11:19, 12 июня 2018, 24.kg

Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү талабы коюлду

Бишкек шаардык сотунда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Жактоочу Чынара Жакупбекова тергөөдөгү мыйзамсыз жагдайларды оңдоо талабы менен ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчү менен сотко кайрылды.

«Бул жагдай тергөөчүлөр тарабынан Баш мыйзамды одоно бузуу болуп саналат. Мындан тышкары мамлекетке келтирилген чыгымды тергөө аныктай алган эмес. Ошол себептен ал ишти кайра тергөөгө жөнөтүү керек», - деди жактоочу. 

Эске салсак,  Алмамбет Шыкмаматовго  Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деген кине тагылууда. Соттун чечимине ылайык, ага 5 миллион сом айып төлөө милдеттендирилген. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18