Түркмөнстан мигранттарды кайтаруу чараларын күчөттү
Түркмөнстан бийлиги чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын кайтаруу боюнча чараларды күчөттү.
Учурда аткаминерлер жарандардын эски паспортторун үч жума ичинде жаңысына алмаштырууга, миграциялык мыйзамдарды бузгандарды жоопкерчиликке тартпоого убада берүүдө.
Түркмөнстандыктар иш издеп көбүнчө Түркияга барышат. Акыркы учурда Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжанга багыт алгандардын саны да артты.