09:35, 12 июня 2018, 24.kg

Балыкчы-Корумду жолунун куруучуларына дагы айлык акы төлөнө элек

Балыкчы-Корумду жолунун куруучуларына дагы айлык акы төлөнө элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине нааразы тарап билдирди.

Маалыматка караганда, айлык акылары кармалууда.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, алардын линиясы боюнча көйгөйлөр жок. 2018-жылы 700 миллион сом салынган, ал эми 1—июнга карата 440 миллион сомдой каржы бөлүнгөн. Унаа жана жолдор министрлигинен төлөмдөр боюнча арыздар түшкөн эмес.

Айлык акыларын убагында төлөп бербеген мындай көрүнүш бат-баттан кайталанып турат. Каржы министрлиги май айында жумушчулар үчүн 100 миллион сом бөлүшкөн. Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов эгерде ушундай абал улана турган болсо, анда «Лонг Хай» кытай компаниясы менен болгон келишим бузулат деп билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18