17:14, 11 июня 2018, 24.kg

№ 10 түзөтүү колониясында өз убагында медициналык жардам албаган киши каза болду

Жалал-Абад шаарындагы № 10 түзөтүү колониясында өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн соттолгон киши каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, тез жардам кызматкерлери мекеменин аймагына кириш үчүн көпкө аракет кылышкан. Анткени тоскоолдуктар жаралган.

«Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери аталган колонияга байкоо жүргүзүшкөн. Анда мекемеде медициналык жардам көрсөтүү илең-салаң жургүзүлө тургандыгы аныкталды. Мекеме боюнча жалгыз фельдшер иштегендиктен, оор абалдагы бейтаптарга өз убагында жардам көрсөтүлбөйт», -дешет укук коргоочулар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18