Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны 7 жылдан кийин артат
Кыргызстанда менингит менен ооругандардын саны 2025-жылдан 2028-жылдарга чейин күч алат. Бул тууралуу социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитеттин жыйынында башкы санитардык дарыгер Олег Горин билдирди.
Ушул жылдын акыркы 5 айында 12 учур катталды.
«2015-жылы менингитке каршы вакцина сатып алууга 2 миллиард сомдон ашуун каражат кеткен. Учурда менингитке каршы эмдөөлөр ажыга бара турган жарандарга жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө оорунун көбөйүп кетүү коркунучу жок», -деди Олег Горин.