Тажикстанда менингитке каршы кошумча чаралар көрүлө баштады
Тажикстандын Санитардык эпидемиологиялык кызматы Казакстанда менингококк инфекциясынын күчөгөндүгүнө байланыштуу Душанбе аэропортунда кошумча алдын алуу чараларын көрө баштады.
Мекеменин башчысы Мизроб Низомовдун айтымында, мындай чаралар аталган оору күч алып жаткан Казакстандан Тажикстанга дээрлик күн сайын түз каттамдар аткарылып тургандыктан улам көрүлө баштады.
«Аэропортто санитардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүлүүдө. Дене табы жогору адамдар ошол жерде орнотулган атайын жабдууларда текшерилет. Эгер бул ооруга шек болсо, анда жүргүнчү жакшылап текшерүү үчүн ооруканага жөнөтүлөт», — деди Мизроб Низомов.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Тажикстанда менингококк инфекциясы менен ооруканага жаткырылгандар жок.
Менингококк инфекциясы — түрдүү симптомдор менен коштолгон курч мүнөздөгү инфекциялык оору