11:44, 11 июня 2018, 24.kg

Кыргызстанда каттоодо турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түздү

Жыл башынан бери өлкө аймагында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катталгандардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 61 миң 800 кишини түзөт. 

Билдирүүгө таянсак, өлкөдө экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 547 миң киши. Жыл башынан бери жумушсуздар эң көп катталган аймак Нарын облусу, анда 5 миң 800 киши жумушсуз жүрөт. Кийинки орунда Жалал-Абад облусу, 24 миң 500 адам жумушсуз.

«Ал эми жумушсуздар эң аз Бишкек шаарында 7 миң киши жана Чүй облусунда 6 миң 400 киши катталган», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18