11:05, 11 июня 2018, 24.kg

Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча мелдеште 12 медалдын ээси болушту

Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын ачык кубогунда 12 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Өзбекстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш чара Ташкентте 9-10-июнь күндөрү өттү. Ага 600гө жакы спортчу катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 6 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышты.

Эркектер арасында 100 метрге чуркоо боюнча алтын медалды Жамал Мусаев, 800 жана 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча Мусулман Жоломанов, 10 000 метр аралыкка чуркоодо Айтпай уулу Бердигул алышты. Жоодар Көчкөнбаев 5 миң метр аралыкка чуркап күмүш медалдын ээси болду.

Аялдар арасында алтын медалдын ээси Арина Клещукова 800 метр аралыкка чуркаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18