09:40, 11 июня 2018, 24.kg

Бердымухамедов абактагы 600дөн ашык кишиге ырайым кылды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ыйык Рамазан айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 600дөн ашык кишиге ырайым кылды.

Мамлекет башчы 8-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, 611 жаран абактагы мөөнөтүнөн жана белгилүү бир аймактан чыкпай жашоо жазаларынан бошотулат.

Буга чейин «Азаттыктын» түркмөн кызматы президент соттолгон үч миңдей кишиге ырайым бере турганын, алардын ичинде АКШда бозгунда жүргөн түрк динаятчысы Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына мүчө деген айып менен түрмөгө кесилгендер да бар экенин жазган. Бирок азырынча абактагы «гүленчилердин» ырайым алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

Түркмөнстанда Гүлен менен байланышы бар деген айып менен соттолгондордун жалпы саны белгисиз. Айрым булактар 2016-жылы бул айып менен 30дан ашык киши соттолгонун билдиришкен. Башка маалыматтар боюнча алардын саны 50гө жакын.

Калктын жан башына эсептегенде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен абактагы адамдардын саны боюнча Түркмөнстан биринчи орунда турат. Бул өлкөдө бийликке Гурбангулы Бердымухамедов келгенден кийин түрдүү майрамдарга байланыштуу мунапыс жарыялоо салтка айланып калды. Акыркы жолу президент быйыл 20-мартта, Нооруз майрамынын урматына абактагыларга ырайым берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18