№ 27 түзөтүү колониясында соттолгондор ачкачылык акциясын улантышууда
№ 27 түзөтүү колониясында соттолгондор ачкачылык акциясын улантышууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
«Расмий түрдө 60 киши ачкачылык жарыялашкан, учурда алардын 20сы тамак жеп баштады. 10 киши ооздорун көктөп, 11 соттолуучу колдорундагы күрөө тамырларын кесишкен. Алардын абалын акыйкатчы жана кыйноолорду эскертүү боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрү келип көрүп кетишти», -деп билдиришти ЖАМКтан.
Эске салсак, 5-июнда экстремизм жана террорчулук боюнча соттолгон 70ке жакын киши ачкачылык жарыялашкан.