Кандуу Ош окуясы эскерилди
Кечээ Ош шаарында 2010-жылы болуп өткөн каргашалуу июнь окуясында каза болгондор, дайынсыз кеткендер эскерилип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде митинг-реквием болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында аталган комплекске гүл чамбар коюлуп, окуяда көз жумгандарга багышталып куран окулду.
Бирок, мамлекеттик органдар расмий түрдө 443 кишинин өлгөнүн айтып келишет.
Иш-чарага биринчи вице- премьер-министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, окуя учурунда каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты.