08:34, 11 июня 2018, 24.kg

Пекин Кытайда соттолгон төрт кыргыз жаранын мекенине өткөрүп берет

Быйыл Пекин Кытайда соттолгон төрт кыргыз жаранын мекенине өткөрүп берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 17 жараны Кытайдын түрмөлөрүндө жатат. Алардын көбү оор кылмыш, маңзат менен кармалып соттолгондор. Былтыр Кытай эки кыргызстандыкты мекенине өткөрүп берген.

Кытайда маңзат аткезчилиги оор кылмыштардын катарына кирет. Акыркы жолу Кытайда камалган кыргызстандык жарандын өлүм жазасына тартылганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде маңзат менен кармалып, алты жыл бою абакта жаткан кыргызстандык жаран, 51 жаштагы Светлана Кулбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында өлүм жазасына тартылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18