13:48, 08 июня 2018, 24.kg

Чүйдө түзөтүү колониясында олтурган 70 киши ачкачылык жарыялады

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясында камакта отурган 70 киши ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, камактагы 7 киши ооздорун темир зым менен көктөп алышкан. Калгандары мындан 4 кун мурун тамактан баш тартышкан.

Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматты тастыкташты. Алардын маалыматына таянсак, учурда камактагылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Экстремизм жана терроризм менен соттолгондор ачарчылык жарыялашты. Алар абактагы кармоо режимин өзгөртүүнү талап кылышууда. Бирок, мыйзам боюнча кармоо режимин Жазаларды аткаруу кызматы эмес, сот чечет. Мындан тышкары, экстремизм менен террорчулукка байланышкан кылмыш ээлери жабык камераларда отурушу керек», -деп билдиришти аталган кызматтан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18