11:55, 08 июня 2018, 24.kg

Кыргыз-өзбек чек арасында жер силкинди

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн болжол менен саат 10:30да катталды.

Жердин силкиниши Баткен облусунун  Кадамжай шаарында 3 балл, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18