11:34, 08 июня 2018, 24.kg

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу иштин бети дагы деле ачыла элек

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу иштин бети дагы деле ачыла элек. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук кеңешинин кеңири отурумунда Криминалдык милиция кызматынан башчысы Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, кээ бир кылмыш иштердин бетин ачуу үчүн 5 жылга чейин убакыт кетет.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Айрым иштерге көп убакыт талап кылынат. Мисалы, быйыл мындан 4 жыл мурун болгон кылмыш ишинин бетин ачтык», -деди Нурбек Абдиев.

Ал билдиргендей, Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча издөөгө алынган Калыбек Эльтуйбасовдун (Салянов) адам өлтүрүүгө тийиштиги жок. Тергөө боюнча суроолор болгондуктан, ал издөөгө алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18