08:56, 08 июня 2018, 24.kg

Кытай-Кыргызстан газ түтүк жолунун курулушу 2019-жылы башталат

Кытай-Кыргызстан газ түтүк жолунун курулушу 2019-жылы башталат. Бул тууралуу журналисттерге өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин башчысы Улан Рыскулов билдирди.

Маалым болгондой, газ түтүктөрү боюнча эки тараптуу келишимге өзгөртүүлөр киргизилди.

«Биз келишимдин мөөнөтүн узарттык. Мурда 35 жыл болсо, азыр 41 жылга узарды», -деди Улан Рыскулов.

Ал билдиргендей, Кытай курулуш иштерин 2013-жылы эле башташы керек болчу, бирок объективдүү себептер менен иш убагында башталган эмес.

«Аталган келишим биз үчүн абдан маанилүү. Курулуш иштери жүрүп жатканда 800 жумушчу орундары түзүлөт. Андан кийин 200гө жакын киши туруктуу иш менен камсыз болот», -дейт Улан Рыскулов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18