08:41, 08 июня 2018, 24.kg

«Евровидение» уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүнү каалашпайт

«Евровидение» уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу израилдик «Хааретц» сайты маалымдады.

Европа кабар таратуу биримдиги талаш жараткан аймакта ыр сынакты өткөрүү кооптуу деп эсептөөдө.

Палестиналыктар Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болсо деп эсептешет. Израиль да Иерусалимди өз калаасы деп санайт. Евробиримдик израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалды чечүүнүн орток жолу — Иерусалимди эки элдин борбору катары жарыялоо деп бир нече жолу маалымдаган.

Быйыл «Евровидение» сынагын израилдик ырчы Нетта жеңип алган. Жыйынтыктар чыгары менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кийинки иш-чара Иерусалимде өтөрүн жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18