17:45, 07 июня 2018, 24.kg

Мугалим дипломдук иш даярдоо үчүн студенттен 20 миң сом талап кылган

Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин (КТУ) кафедра башчысы студенттен 20 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган кызматка КТУнун студенти кайрылып, мугалим дипломдук иш даярдоо үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Эгерде баш тарта турган болсо, анда башка маселе жарала турганын да кошумчалаган. Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында студенттен пара алып жаткан окутуучу кармалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18