17:05, 07 июня 2018, 24.kg

Өкмөт майып балдардын ата-энелерине айлык чыгарып берүү үчүн акча табышы керек

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө тынымсыз кам көрүүгө муктаж болгон ден соолугу начар жана мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдардын ата-энелерине айлык чыгарып берүү үчүн, акча табуу тапшырмасын беришти. Мындай чечимди эл өкүлдөрү парламенттин отурумунда кабыл алышты.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында 172 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген киши бар. Алардын ичинен 29 миңден ашууну жаш балдар. Медициналык-социалдык комиссиянын корутундусу боюнча 6 миңге жакын бала тынымсыз кам көрүүгө муктаж. Көпчүлүк учурда аларга ата-энеси жана жакындары гана кам көрүшөт.

 «Алар балдарына кам көрүү үчүн көп убакыт коротушат. Социологиялык изилдөөлөргө таянсак, суткасына 12 саат карашат экен. Мындан улам, көпчүлүк ата-энелер пенсия ала алышпайт жана медициналык камсыздоодон четте калышат», -деди Мирлан Бакиров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18