15:28, 07 июня 2018, 24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев: Үй-бүлө сүйүү менен курулушу керек

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаштар арасында ала качуу тууралуу түшүндүрмө иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Мындай буйрукту ал гендердик саясат боюнча улуттук кеңештин отурумунда берди.

Өкмөт башчынын билдиргенине караганда, кыз ала качууга карата чаралар көрүлүп жатканы менен кылмыш ишинин саны өсүүдө. 2013-жылы 19 кыз ала качууга дуушар болсо, былтыр 31 кыз ала качуунун курмандыгы болушкан.

 «Ала качуу-бул кылмыш. Муну жаштар дагы, ата-энелер дагы билиши керек. Бирок, көпчүлүк учурда кыз ала качуу боюнча эч ким эч нерсе билдирбейт. Биз бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, үй-бүлө сүйүү менен курулушу керек экендигин жайылтышыбыз керек», -деди  Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18