Каракалпакстанда 4 жашар кыз аттракциондо мерт болду
Каракалпакстан республикасынын Төрткүл шаарында аттракциондо 4 жашар кыз набыт болду. Маалыматтарга караганда, аны балдар паровозу тебелеп кеткен. Окуя 31-майда — Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында катталган.
Төрткүл районунун акиминин орун басары Хайрулла Матназаров «Ёшлар» паркында кырсык болгонун тастыктады.
Күбөлөрдүн бири трагедияга коопсуздук эрежелерин сактабагандык себеп болгонун айтты.
«Ал кыз майрамга бир күн калганда апасы менен паркка барган экен. Наристе аттрокциондор тосулган тосмону аттап өтүп, паровозго жакын барган. Ошол маалда оператор коопсуздукту текшербей, паровозду жүргүзүп жиберген. Кыз ошол жерден жан берген», — деди ал.
Төрткүлдүктөрдүн айтымында «Ёшлар» паркынын колдонуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен. Бир жыл мурун ал жерге Ташкенттен эски аттракциондору алып келип орнотушкан. Алардын айрымдарында коопсуздук кемерлери жок же өтө эскирген.