13:54, 07 июня 2018, 24.kg

4 ай ичинде санитардык эреже бузгандарга 632 протокол түзүлдү

Өткөн жылы Бишкекте санитардык-экологиялык эрежелерди бузган тургундарга 2 миллион сомдон ашуун айып пул салынган. Бул тууралуу Санитардык-экологиялык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Арсен Айылчыев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде жалпысынан 4 миң 328 эреже бузуу катталып, эскертүү каты жазылган. Буга ылайык 1 миң 639 протокол түзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 4 айынын жыйынтыгы боюнча санитардык эреже бузгандарга 632 протокол түзүлүп, 957 миң сом айып пул салынды.

«Таштандыны атайын жайларга таштабаган жарандарга 2 миң сом, чарбалык ишкана ээлерине 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эгер жарандар эреже бузууну кайталаса, айып пулдун өлчөмү 20 миң сомго көтөрүлөт», — деди Арсен Айылчиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18