Депутат: Түрк элчисинин «Сапат» тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билдирүүсүн ички иштерге кийлигишүү катары баалады.
Буга байланыштуу ал кыргыз дипломаттары тез арада жооп бериши керек деп эсептейт.
АКИpress агенттиги Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Балыкчы шаарында «Себат/Сапат» мектеби ачылып жатканына нааразылыгын билдиргенин, «бул түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга пландалып жаткан сапарына терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин» жазып чыкты.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек бул талапка кескин каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирбей тургандыгын билдирген. «Себат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал «Сапат» болуп өзгөргөн.
Тышкы иштер министрлиги азырынча комментарий бере элек.