11:37, 07 июня 2018, 24.kg

Лейлек районунда 10 жашар кызды торпок сүйрөп кетип каза болду

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда 10 жаштагы кызды 4 жашар торпок сүйрөп кетип каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине аталган облустун укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  кызды үй жаныбары 150 метрге чейин сүйрөп кеткен. Алган жаракатынан улам ал каза болду.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси аны уй кайтарганга жиберген. Кырсык болгон маалда кыз бала торпогунун мойнунан байланган аркан жиптин аягын белине байлап алганы маалым болду. Тартип сакчылары балага жипти байлоо тууралуу кеңешти ким бергендигин такташууда. 

 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18