10:40, 07 июня 2018, 24.kg

«Жеткиликтүү турак жай» программасы. 3 118 үй-бүлө турак жай менен камсыздалды

«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында турак жай менен 3 118 үй-бүлө камсыздалды. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев Өкмөт башчыга билдирди.

Айтымында, аталган ишти жүзөгө ашыруу үчүн 3,43 миллиард сомдон ашуун акча сарпталган.

«Кыймылсыз мүлк сатып алууга насыя берүү менен катар компания тарабынан Нарын жана Бишкек шаарларында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүргүзүлүүдө. Курулушу аяктаган соң батирлерди андан кийинки сатып алуу менен 15 жылга чейинки мөөнөткө узак мөөнөттүү ижарага берүү каралууда», — деди ал.

Бактыбек Шамкеев билдиргендей, ипотекалык насыялоонун негизги каржы булагы —Өкмөттүн чечими менен берилген 2,8 миллиард сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда болуп саналат.

Маалым болгондой, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ипотекалык насыялоонун жылдык үстөгүн 6%га чейин кыскартуу маселесин карап чыгууну тапшырды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18