08:56, 07 июня 2018, 24.kg

«СПИД» борбору: ВИЧ илдети менен ооруган тургунга дары-дармек берилип жатат

ВИЧ илдети менен ооруган Андрей Радченкого дары-дармек берилип жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «СПИД» борборунун директору Улан Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Андрей Радченко көптөн бери каттоодо турат.

«Ал 6-июнда саат 17:00дө мас абалында дары сурап келген. Биз аны карап чыгып, бир айлык дары-дармегин берип жөнөткөнбүз. Ал дарыны кандай ичээрин биле тургандыгын айтып, тынч эле кеткен. Буга чейин соттолгонун билчүбүз», —деди Улан Кадырбеков.

Анын айтымында, Андрей Радченко Ак үйдүн алдына барып нааразычылык билдирет деп эч ким күткөн эмес.

Эске салсак, Андрей Радченко нааразычылык билдирүү максатында оозун скрепка менен көктөп салган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18