08:31, 07 июня 2018, 24.kg

Казакстан «тынчтыкты сүйгөн» өлкөлөрдүн рейтингинде акыркы ондукка кирди

Казакстан «Глобалдык тынчтык индексинин» рейтингинде өткөн жылга салыштырмалуу эки тепкичке төмөндөдү. Рейтинг өлкөлөрдөгү адам өлүмүнүн, полиция менен аскер кызматкерлеринин саны, ошондой эле курал-жаракка кеткен чыгымдардын көрсөткүчтөрүнө таянып түзүлөт.

Экономика жана тынчтык институнун жаңы иликтөөсүндө Казакстан «жогору» деген баа алган топтун арткы ондугуна жайгашып, 70-орун алды. Өлкө Бенин менен Никарагуадан кийин жана Марокко менен Свазиленд мамлекеттеринин алдында жайгашкан.

Рейтингде эң жогорку баага 13 өлкө татыган. Алардын ичинде Исландия, Жаңы Зеландия, Австрия, Португалия, Канада жана Австралия мамлекеттери бар.

Орусия тынчтыкты эң аз сүйгөн өлкөлөрдүн ондугуна кирип, 154-орунга жайгашкан. Жалпысынан рейтингге 163 өлкө киргизилген.

121-орун алган Кошмо Штаттар орто баа ыйгарылган өлкөлөрдүн аягына жазылган. Эксперттер АКШ Орусия, Германия жана Кытай менен катар эле ири курал-жарак саткан өлкө болуп эсептеле турганын белгилешкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18