17:56, 06 июня 2018, 24.kg

Өзбекстанда начар окуган студенттер үчүн окутуучулар жумуштан бошотулушу мүмкүн

Өзбекстан профессорлорунун жана мугалимдеринин ишмердүүлүгүн аныктоо учурунда студенттердин билим деңгээли башкы критерий катары карала баштайт.

Бул Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн кошумча чараларды көрүү жөнүндө кол койгон токтомунун алкагында ишке ашат.

Документке ылайык, бул принциптерге жооп бербеген мугалимдерди жумуштан бошотуу каралган.

Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигине студенттердин билим деңгээлин баалоо жана көзөмөл боюнча жаңы жобо даярдоого эки ай убакыт берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18