16:39, 06 июня 2018, 24.kg

Кызыл камчы күйөө. Оштун тургуну аялын көгөртө сабап салды

Ош шаарынын тургуну аялын көгөртө сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Акжүрөк» Кризистик борборунун директору Дарига Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу 10 күн мурун оор абалда борборго келип түшкөн.

«Ал окуя тууралуу эч кимге айткысы келбейт. Бирок, бул өзгөчө учур болгондуктан мен айтып жатам», -деди Дарига Асылбекова.

Маалым болгондой, ур-токмокко алган тургундун ата-энеси облустагы таасирдүү кишилер. Ал эми жабырлануучу жогорку билимдин ээси. Учурда балдарын туугандары карашууда.

«Жабырлануучунун күйөөсү иштебейт, аялын дагы кызганып иштетпей койгон. Буга чейин кызганычтын айынан бир канча жолу кол көтөргөн. Азыр ал күйөөсүнө кайтып барбасын айтууда. Укук коргоо органдары сабаган тургунду камакка алыша элек», -деди Дарига Асылбекова.

Билдирүүгө караганда, сабалган аялдын денесинде сынган жерлери да бар.

Дарига Асылбекованын айтымында, аталган борборго бир айда 100гө жакын аял кайрылат. Алардын 60 пайызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18