16:10, 06 июня 2018, 24.kg

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толук акталды

Токмокто адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча прокурордун жардамчысы толук акталып чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык соту 31-майда айыпталуучу Данияр Сейталиевдин кылмыш иши боюнча өкүмүн чыгарып, аны толук актады.

Эске салсак, 2017-жылдын 17-июлдан 18-июлга караган түнү Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталган. Анда «Хонда Стрим» жана «Тойота Корона» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу ооруканада каза болгон.

Ал эми экинчи унаада Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал мас абалда унаа башкарган жана анын унаасынан 25 кылмыш иши табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18