14:37, 06 июня 2018, 24.kg

Өмүрбек Текебаев сот Адис Момуналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды

Экс-депутат Өмүрбек Текебаев Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«Жактоочунун суранычы боюнча сот «Нур Телеком» компаниясынан Алексей Модиндин турган жерин телефон аркылуу аныктап берүүлөрүн талап кылган. Аталган компания жоопту өкүм чыккандан кийин билдирген. Анда Алексей Модин 2010-жылдын 13-майында «Супара» этнокомплексинде болбогондугу, борбор калаада жүргөндүгү аныкталган», -дейт жактоочу.

Анын айтымында, Адис Момуналиев жоопту алып, бирок иш материалына далилди тиркебей жашырып койгон.

«Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталуусуна себеп боло турган далилди жашырып койгон», -деп эсептейт Таалайгүл Токтакунова.

Адис Момуналиевге карата кылмыш ишин козгоо тууралуу арызды Башкы прокуратурага өткөрүп беришти.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18