КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтан кетүү талабы коюлду
КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөлөрү кызматтан кетиши керек. Мындай талапты депутат Каныбек Иманалиев парламентте койду.
Анын айтымында, аталган телеканалдын сырты гана оңдолуп, ичи ошол бойдон калды.
«Сиз азыр эмоцияга алдырып сүйлөп жатасыз. Мен ар дайым акыйкаттуулук жана демократия үчүн күрөшүп келгем, дагы күрөшө берем. Эгерде эреже бузуулар болсо, анда биз жаза алганга даярбыз. Эгерде ишеним көрсөтүлбөсө, мен азыр деле кетүүгө даярмын», -деди байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев.