13:45, 06 июня 2018, 24.kg

«Ысык-Көл» Эл аралык аба майданы 21-июнда туристтик сезонду ачат

«Ысык-Көл» Эл аралык аба майданы 21-июнда туристтик сезонду ачат. Бул жылкы сезонду Новосибирск каттамы ача турган болду. Орусиялык S7 авиакомпаниясы жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү каттамдарды жүргүзүп турат.

22-июнда аталган аба майданга Оштон Tez Jet Airlines каттамы конот. Ош-Ысык-Көл-Ош каттамдары жумасына 3 жолу жүргүзүлмөкчү.

Ошол эле күнү «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын Ташкент шаарынан жүргүнчүлөрдү алып келүүсү күтүлүүдө. Аталган каттам шейшемби жана жума күндөрү жүргүзүлүп турат.

29-июнда Казакстандан каттамдар келе баштайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18