10:45, 06 июня 2018, 24.kg

Жеке медициналык борборлор менингиттин вакцианаларын 3 миң сомдон сатышууда

Бишкектеги жеке медициналык борборлор менингиттин вакцианаларын 2-3 миң сомдон сатышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жылдыз Мусабекова айтып чыкты.

Анын билдиргенине караганда, учурда Казакстанда менингит вирусу менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Ал тургай оорудан каза болгондор бар. Депутат Жогорку Кеңешке Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүн чакырып, өлкөдөгү абал тууралуу маалымат алууну сунуштады.

«Маалыматты угуу керек. Тургундар коркуп жатышат, ал эми жеке медициналык борборлор жагдайдан пайдаланышууда. Учурда вакциналарды 3 миңден сатып жатышат. Медиктер бизге эмне деп кеңеш беришет, аны угалы. Мени бир суроо кызыктырууда, эмне үчүн менингит жана кургак учук сыяктуу ооруларга каршы эмдөө жүргүзүлбөйт?», -деди Жылдыз Мусабекова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18