09:07, 06 июня 2018, 24.kg

Түркмөнстанда карыган кишилер пенсия ала албай жатышат

Түркмөнстанда жашы 70тен төмөн пенсионерлердин пенсиясы төлөм карталары менен бериле баштагандан тарта банкоматтан акча алуу кыйынчылыктарды жаратууда.

«Ай башынан бери банк алдында пенсиясын ала албай жүргөн мен сыяктуу карыган кишилер көбөйүп кетти. Алар дагы өткөн айда карталарына акча түшпөй калганын айтып жатышат. Банк кызматкерлери пенсионерлерге «күткүлө» дегенден башка эч нерсе айтышпайт», — деди ашхабаддык пенсионерлердин бири.

Айрым пенсионерлер картага түшкөн акчаны да ала албай убара болушууда. Себеби банктоматтарда каражат жок.

«Өкмөт биз менен ойноп жатат. Биз 40 градус ысыкта банкоматтарга жүгүрөбүз деп чарчадык. Көбүндө акча жок. Алар кандай максат менен карта системасын киргизди, өкмөт бизди ачкалыктан өлсүн деп жатабы?», — деди 60 жаштагы аял.

Түркмөн бийлиги төлөм карталары боюнча жаралган маселелер тууралуу элге түшүндүрмө бере элек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18