08:58, 06 июня 2018, 24.kg

Башкы прокуратура депутат Осмонбек Артыкбаевге карата кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ мурунку энергетика министри сурак берүүгө чакырылган. Сурак 6 саатка созулду. Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (жемкорлук) менен кылмыш иши козголду.

Билдирүүгө ылайык, 2012-2013-жылдар аралыгында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда «Электр станциялары» ААКсына 4 ири компаниядан сунуш түшкөн.

«2013-жылдын 24-майында КР президентинин резолюциясы менен энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын каржы-экономикалык анализ жана мониторингди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахмедовадан биргелешкен кат келген. Анда Кытайдын «ТВЕА» компаниясы менен келишим түзүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдук берүү туура экендиги жазылган.

Натыйжада 2013-жылдын 16-июлунда «Электр станциялары» ААКсы менен кытайлык «ТВЕА» компаниясынын ортосунда Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо боюнча келишимге кол коюлат.

«ЕРС» келишиминин шарттары боюнча, «Электр станциялары» ачык акционердик коому курулуштун жүрүшүнө кеткен чыгымды көзөмөлдөө жана кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Эсептөө палатасынын ушул жылдын 12-апрелиндеги актына ылайык, жогорудагы келишимди бекитүүдө сметанын негизиндеги деталдуу эсептер жана каражаттын жумшалышынын конкреттүү сметасы болгон эмес.

Анализдер мындагы айырма 20 миллион доллар экенин көрсөтүүдө. Коротулган чыгымдар өзүн-өзү актабагандыгы мамлекеттик активдерге коркунуч жаратат», — деп билдирди Башкы прокуратура.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн иш УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18