17:56, 05 июня 2018, 24.kg

Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүү тууралуу арыз каралууда

Кыргызстан казак активисти жана блогер Муратбек Тунгышбаевдин ага качкын макамын берүү тууралуу арызын карап жатат. Бул жөнүндө бүгүн «Азаттыкка» Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Мекеменин кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, бул арыз боюнча чечимдин чыгышы бир жыл убакыт талап кылышы мүмкүн. 

«Арыз келип түшкөнү чын. Карап жатабыз. Качкын макамын алуу тууралуу арыз бир жыл ичинде каралат, анын процедурасы көп»,- деп билдирди ал. 

Казакстандын бийлигинин өтүнүчү менен Кыргызстанда 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев эл аралык уюмдарга кайрылып, жардам сурады. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында отурат.

Астана Тунгышбаевди өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап жүрүшөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18