17:14, 05 июня 2018, 24.kg

Кыргызча билбейт. Садыр Жапаровдун жактоочусу прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн абакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун иши Жогорку Сотто каралууда.

Соттолуучунун жактоочусу Бактыбек Асамудинов прокурор Алишер Рустамбаевге кыргыз тилин билбегендиги үчүн каршы чыгып, андан баш тартуу өтүнүчүн жолдоду.

«Ал кантип бизди түшүнөт? Анын калыстыгында шегим бар», -деди жактоочу.

Башка жактоочулар Бактыбек Асамудиновдун айткандарын колдоп чыгышты.

Прокурор Алишер Рустамбаев мамлекеттик тилди биле тургандыгын айтты.

«Жактоочунун өтүнүчүнөн баш тартууңуздарды суранам. Мен жакында эле кыргыз тилинен экзамен тапшыргам. Көп жылдар бою Нарында иштегем», -деп жооп берди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18