14:44, 05 июня 2018, 24.kg

Садыр Жапаровго боштондук. Анын тарапташтары митингге чыгышты

Бишкектеги Жогорку соттун имаратынын алдында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чыгышты.

100дөн ашуун киши оппозиционердин эркиндикке чыгарылышын талап кылышууда.

Нааразы тараптын пикиринде, Жогорку соттун соттук коллегиясы мурунку депутатты камактан бошотуусу керек.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун экс-губернатору, жабырлануучу Эмилбек Каптагаев соттук практиканын тарыхында алгачкы жолу соттолуучунун күнөөсү жок экендигин билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку сот 2013-жылы Караколдогу башаламандыкты уюштуруу тууралуу иш боюнча көзөмөлдүк даттанууну карап чыгат. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Садыр Жапаровду адамды ала качууга айыптап, 11 жарым жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18