17:51, 04 июня 2018, 24.kg

Социалдык тармактардын колдонуучулары: «Кечир бизди, Бурулай... »

Социалдык тармактарда Нурсултан Акылбек аттуу колдонуучу милициянын имаратында жырткычтык менен өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиевага кат жазды. Ал өз катында Бурулайга кайрылып, аны өлүмдөн куткара албай, коргой албагандыгы үчүн кыргызстандыктарды кечирип коюшун суранат.

Бул билдирүү колдонуучулар арасында чоң колдоо тапты.

Бурулайга жазылган кат:

«Кечир бизди, Бурулай... Биз, жаш кыз Бурулай жырткычтык менен мамлекеттик имараттын ичинде өлтүрүлүп жаткан учурда, биздин милициянын кайдыгерлигине күбө болдук. Өткөн жумада биздин өлкө бейбаш жигиттин жаш кызды ала качышы менен гана эмес, аны коргоого милдеттүү болгон мекеменин ичинде жырткычтык менен өлтүрүлгөнү дүйнөгө дүң болду.

Бизде болсо, ири эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнө карабай, кыргызстандык расмий өкүлдөр үн катпай жатат. 15 милиционерди жумуштан кетирдик же кетиребиз, дагы башка чараларды көрөбүз деп жазышты... Бул мыйзам кыздардын укугун коргоп, ала качууга катышкандарды катуу жазаламак. Кадрдык алмашуулар менен алек болуп жаткан жаңы шайланган өкмөт, бул кызга силердин бооруңар ооруган жокпу?», — деп жазылат катта.

Эске салсак, 29 жаштагы Таластын тургуну кызды ала качып бара жаткан жеринен кармалып, Чүй облусуна караштуу Жайыл райондук ИИБнын милиция бөлүмүнө алынып келинген. Документтерди толтуруу маалында, кылмышка шектүү жаран кыз отурган бөлмөгө кирип, эшикти жаап алган. Милиция кызматкерлери эшикти сындырып киришкенде, канга чыланып жаткан кызды жана кылмышкерди көрүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18