17:13, 04 июня 2018, 24.kg

Таласта сол колуна ок тийген 13 жашар өспүрүм ооруканага жаткырылды

Талас облусунда сол колуна ок тийген 13 жашар өспүрүм Кара-Буура райондук ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу Талас ОИИБ билдирди.

Маалыматка караганда, жабырлануучу достору менен көчөдө ойноп жатып, сарайдан ок атуучу курал таап алышкан. Алар бири-бирин мээлеп жатканда куралдан ок чыгып 13 жашар баланын колуна тийген.

Ал эми сарайдын ээси куралды талаадан таап алганын айтууда.

«Ал дат баскан эски ок атуучу курал болчу. Мен аны иштен чыккан деп ойлоптурмун. Жакынкы аралыкта милицияга берейин деп аткам», — деди ал.

Жабыркаган баланын абалы азыр туруктуу. Анын ата-энеси эч кимге дообуз жок деп айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18