16:20, 04 июня 2018, 24.kg

Кочкор-Атада 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизаты менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу аталган облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 51 жаштагы Ю.М. аттуу аялдын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада нан бышыруучу мештин ичинде катылган жарым килограмм гашиш табылды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кармалган аял буга чейин да баңгизатына байланыштуу 3 жолу сот жообуна тартылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18