14:55, 04 июня 2018, 24.kg

Атасынын насаатына нааразы болгон уулу аны бычак менен далыга сайды

Ош шаарында тартип сакчылары адам өлтүрүүгө шектүү кишини кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы О.Б. аттуу тургун 59 жаштагы атасын бычак менен жарадар кылган. Ата-бала урушу тууралуу маалыматты кошуналары 102 пультуна билдиришкен. Ыйык рамазан айында алкоголдук ичимдикти ичпөөсүн айткан атасы уулунан бычак жеди. 

«Атасынын насаатына нааразы болгон уулу бычак менен далыга уруп, мойнун кесип салган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылды», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18