14:11, 04 июня 2018, 24.kg

Кара-Жыгач сейил багынын жаңы жашоосу. Калыбына келтирүү иштери уланууда

 

Бишкектеги Кара-Жыгач сейил багын кайра калыбына келтирүү иштери 2017-жылдан бери уланууда. Долбоорду «Бишкекбашкыархитектура» мекемесинин адистери иштеп чыгышкан.

Аталган жайдын кууш жолдорунда темир конструкциялар жана түтүктөр жатканына карабастан, мында келген кишилердин саны арбын. Шайтан араба тепкен жаштарды да сейил бактан кезиктирүүгө болот. Жаңы орнотулган отургучтар көргөндүн көзүн кубандырат.

Айрым маалыматтарга караганда, Кара-Жыгач сейил багынын учурда чеги такталган эмес. Бирок 1990-жылдардагы карта боюнча жалпы аянты 215 гектар деп белгилеген. Учурда анын 85 гектардан ашык аянтына кафе-ресторан, үйлөр курулуп кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18