13:22, 04 июня 2018, 24.kg

Көчмөндөр оюндарынын атаандашы пайда болду. Казакстан этно олимпиада өткөрмөкчү

Казакстан этно олимпиада өткөрүү үчүн ЮНЕСКОго арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттык» маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы ЮНЕСКОнун Спорттун салттуу түрлөрү боюнча комитетинин өкүлү Халил Ахмед Хан менен меморандумга кол коюп, анда Казакстанда дүйнөлүк биринчи этноспорт оюндарын өткөрүү тууралуу маселе да камтылды.

Эгер ЮНЕСКО бул арызды канааттандырса, 2021-жылы Казакстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата бул өлкөдө улуттук оюндардын дүйнөлүк олимпиадасы өтөт.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү аракетин көрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18