08:44, 04 июня 2018, 24.kg

«Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси жол кырсыгында каза болду

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан «Дүйнөнүн сулуу айымы-2018» наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгында кабылып каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда катталган.

«Унаада 1 айдоочу жана 2 жүргүнчү болгон. Алар Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй бара жатып Чок-Тал айылынын жанындагы мүрзөнү курчаган дубалды сүзүшкөн. Окуя болгон жерден Сания Шакирова аттуу айым каза болгон. Дагы бир 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык № 4-ооруканага жеткирилген», -деп билдирди басма сөз кызматы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18