17:33, 01 июня 2018, 24.kg

Кытай элчилигине Бишкектен 3,3 гектар жер берилдиби? ТИМдин түшүндүрмөсү

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын Кытай элчилигине 3,3 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү чечими коомдо кызуу талкуу жаратты.

ТИМдин маалыматында, Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү, азыркы Кытай элчилиги жайгашкан жер-мурда эле 2003-жылдын 2-октябрындагы № 712 Бишкек мэриясынын Токтомунун негизинде Кытай элчилигинин имаратынын куруу үчүн 49 жылга ижарага пайдаланууга берилген.

3,3 гектар аймак үчүн Кытай ушул күнгө чейин Кыргызстандын бюждетине жылына ижара 700 минден ашык сом акы төлөп келе жатат.

«Ал эми Пекинде жайгашкан Кыргызстандын элчилиги 443 кв.м. жерди ижарага алып, ал үчүн 90 000 АКШ доллар Кытай тарапка жылына төлөп келе жатабыз. 443 кв.м жер үчүн жылына 90 миң АКШ долларын бюджеттен төлөш биздин мамлекет үчүн деле оор экенин баарыбыз түшүнөбүз да. Ошонуктан, акыркы 4-5 жылда кайра-кайра бул теманы кыргыз-кытай эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө көтөрүп жатып, акыры Пекин шаарынын борборунан 25 сотых өлчөмүндөгү жер бөлүп берүү тууралуу кытай тарап менен келишимге жеттик» — дейт ТИМ.

«Демек, мындан кийин эки мамлекет теӊ бири-бирине ижара акы төлөбөйт. Бул биздин мамлекет үчүн чон пайда. Эң башкысы эч ким эч кимге биротоло жерин берип салган жок, кытай тарап дагы, кыргыз тарап дагы, ар кимдин жери өзүндө калат» — деп белгилейт ТИМ.

Photo 74521

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18