10:29, 01 июня 2018, 24.kg

Кыргызстан менен Казакстанда өз ара товар жүгүртүү 1 миллиард долларга көбөйөт

Кыргызстан менен Казакстанда өз ара товар жүгүртүү 1 миллиард долларга чейин көбөйөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Дүйшөмбү шаарында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, эки жактуу жолугушуу бүгүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү.

«Кыргыз-казак союздаштык мамилелери тиешелүү динамикага жетишти. Активдүү саясий-экономикалык диалог сакталып, талашсыз түрдө эки жактуу өнөктөштүктү мазмундук толтурууну шарттаган бардык деңгээлдеги байланыштар жүргүзүлүүдө. Казакстан менен стратегиялык өз ара байланыштарды бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деп белгиледи

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев эки мамлекеттин башчылары тарабынан Өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18